Колониядагы жаран метадонду уктатуучу дары менен ичип, ооруканага түштү

иллюстрация

№32 колония-конуштун кармалуучусу метадонду уктатуучу дары менен ичип, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 32 жаштагы жаран 2016-жылдан бери метадон колдонуп келген. Окуядан 2 күн мурун үйүндө болгон. Кайтып келери менен иштеп, жумуштан кийин кошумча сомнол – уктатуучу дары ичип, комага түшкөн. Учурда ал жугуштуу оорулар бөлүмүндө. Эсине келген, комадан чыкты.