Соцтармакта колуна гүл көтөрүп, суунун үстүнөн асылган зым менен өтүп бара жаткан аялдын видеосу тарап, талкуу жаратты.
Видеодон аялдын суунун аркы бетиндеги үйүнө асылган зым менен өтүп баратканын көрүүгө болот. Видеонун автору “эже туулган күндөн келип, гүлү менен эми үйүнө баратат” деген.
Комментарийлерде бул Балыкчыдагы Таш-Сарай айылы (Орто-Токой суусу) экенин жазышууда.