Көмүрдүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 715 сомго өстү

Көмүрдүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 715,8 сомго же 16,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

«2021-жылдын 7-октябрында өткөн жылдын октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн 715,8 сомго же 16,1 пайызга өстү. Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн — 4000 сом) Токтогул шаарында (бир тонна үчүн – 4373,2 сом) болгону байкалды», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн – 8 390,2 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 8 377,7 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 6 500 сом) шаарларында катталган.

«Көмүргө карата баалардын бир кыйла өсүшү өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен — тоннасы 2 603,1 сомго же 1,7 пайызга, Жалал-Абад — тоннасы 1 652,1 сомго же 34,7 пайызга, Нарын — тоннасы 1000 сомго же 28,6 пайызга жана Баткен шаарларында тоннасы 1 739,6 сомго же 26,2 пайызга өсүшү белгиленди. Бир эле убакта, Талас шаарында анын баасы — тоннасы 61,8 сомго же 1,1 пайызга төмөндөгөн», — деп билдиришти.