Көмүрдүн баасын жөнгө салуу. Мыйзам бузгандар 17 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн

Монополияга каршы мыйзамдарды бузууларды четтетүү жана көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында чарба жүргүзүүчү субъекттерге 19 буйрук берилген. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жалпысынан башкармалыктын кызматкерлери 368 чарба жүргүзүүчү субъекттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Дагы 264 адамга монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилген. Ошол эле учурда мыйзам бузуулар кайрадан аныкталса, 17 миң сом айып салынышы мүмкүн экендиги белгиленүүдө.

«Рейддин жыйынтыгында жолдордо таш көмүрдү алууга патенти бар, бирок сатууга уруксаты жок адамдар сатып жатканы белгилүү болду. Биз максималдуу бааларды койдук, бирок патентти сата албайбыз, ошондуктан Салык кызматы жана мэрия менен биргеликте рейддерди жүргүзүп жатабыз”, — деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жейналы Оросбаев «Биринчи радионун» эфиринде.