Көмүргө бааны атайылап жогорулатуунун алдын алуу үчүн мобилдик топ түзүлөт

Акылбек Жапаров Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу маалыматты укту.

Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, атап айтканда, энергетика объектилерин, социалдык, бюджеттик тармактарды жана калкты отун менен камсыздоо, ошондой эле күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маалымат беришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу жана отун менен камсыз кылууда пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан, жылытуу мезгилин сапаттуу өткөрүү үчүн бардык маселелерди иштеп чыгуу зарыл. Кеңешме жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек мэриясынын жетекчилиги астында көмүрдүн баасын атайылап жогорулатып жиберүүгө жол бербөө жана зарыл болгон учурда жеке ташуучулар тарабынан көмүрдү жол жээгинде жогорулатылган баада сатууга тыюу салууну киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу максатында Энергетика министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик жумушчу топ түзүүнү тапшырды.