«Кондиционер оңдоп жатып киши токко урунду» деген видео тарады

Социалдык тармактарда кондиционер оңдоп жатып токко урунган кишинин видеосу тарады.

Анда киши оңдоп жатып бир канча убакытка кыймылдабай калганын, андан соң тепкичтен кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Окуя боюнча Тез жардам борборунун жетекчисинин орун басарына кайрылганыбызда, такталып жатканын айтышты.