Саат 22:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Коопсуздук кеңешинин маалыматы

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан маалымат таратышты.

«1-май күнү саат 22:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында күчтөр менен каражаттардын туруктуу дислокация жерлерине чыгарылып кетишин көзөмөлдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун иши эртең, 2-майда 08:00дө башталат. Кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө», — деп жазылат маалыматта.