Тажикстандын Куралдуу күчтөрү 200дөн ашуун кишини жоготту, 400гө жакыны жарадар болду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы билдирди.
«Аларда ушундай», — деди ал.
Кечээ, 18-сентябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өздүк булактарга таянуу менен Кыргызстанга кол салган тажик тараптын 178 аскер кызматкеринин көзү тазаланганын, тажик тараптан 300дөн ашуун адам жаракат алганын жазып чыккан.