Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков Сузак районунда катталган кырсык боюнча кайрылуу жасады.
«Бул иш-чара 26-апрелде өтүшү керек эле. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук администрациясынын сунушу менен алар жогорку деңгээлде уюштурабыз деп өз алдынча жылдырып алышкан. Коопсуздук маселесин тыкыр карагыла дегенбиз. Өздөрү да билишет. Тийиштүү жетекчилер жооп берет. Мындан кийинки Нарын жана Чүй облусунда өтө турган бардык иш-чараны токтоттук», — деди ал.
Саламатсыздарбы?
Өтө Чон форматта өткөрүп балдарды кыйноонун кереги жок эле, иш күнү өткөрүлүп ,бул күндөрү балдар эс алыш керек эле,биринчиден балдардын ден соолугун караш керек, балдарга кыйын болду, врачтар жакшы карашсын, укол, дарысын, тамак ашын убагында берип,балдардын арасына портерди киргизбеш керек эле да, балдар айыгып кетишсин,балдар толук айыккыча күнөөлүүлөр балдарды карашсын дары дармегине акчасын берип,ушундай Чон иш чарага балдарды тартууга тыюу салынсын ! Көнүл бурганынызга чоон рахмат!