“Көп эркекке алдандым” деген Эсфирь: «Эч качан турмушка чыкпайм. Ушул сөзүмө турам»

Ушул жылдын февраль айында Эсфирь Касымова аттуу 22 жаштагы келиндин тагдырын баяндаган элек. Ал апасынан эрте ажыраганын жана туугандарынын колунда чоңойгонун айткан. Андан кийин апрель айында каарманыбыз биздин редакцияга турмушка чыкканын кабарлаган эле. Биз бүгүнкү күнгө чейин каарманыбыз менен байланышып турабыз. Ал учурда жалгыз жашап жатканын, жолдошу менен ажырашканын, эми мындан ары эч качан турмушка чыкпасын айтат.

«Эч качан турмушка чыкпайм. Ушул сөзүмө турам. «Эрдин санын көбөйтүп, жамандыгыңдан ажырашып жатасың да» дегендерге, мени 14 жашымда турмушка беришкен. Балалыгым үй оокаттары, ур-сокку менен өткөн. Экинчи турмушумда кызымды өгөйлөдү. Үчүнчүсү да ушундай болуп жатат. Эми бул сыноо экен. Буюрса, окуумду бүтсөм, кийимдерим менен же ырларым менен элге таанылгым келет»,- дейт ал.