“Көп эркекке алдандым” деген Эсфирь: «Жолдошум менен 2 ай жашап, ажырашып кеттик»

Ушул жылдын февраль айында Эсфирь Касымова аттуу 22 жаштагы келиндин тагдырын баяндаган элек. Ал апасынан эрте ажыраганын жана туугандарынын колунда чоңойгонун айткан. Андан кийин апрель айында каарманыбыз биздин редакцияга турмушка чыкканын кабарлаган эле. Биз бүгүнкү күнгө чейин каарманыбыз менен байланышып турабыз. Ал учурда жалгыз жашап жатканын, жолдошу менен ажырашканын, эми мындан ары эч качан турмушка чыкпасын айтат.

«Мен окууга тапшырдым. Эл аралык университетте дизайнер багытында окуп жатам. Силердин канал аркылуу мага көп жарандар жардам беришти. Ошол биринчи видео чыкканда жолдошум номеримди алып, чалган. Дос катары сүйлөштүк. Акыры үйлөндүк. Бирок 2 ай жашап ажырашып кеттик. Кызымдын көкүрөгү ооруйт. Ага бассейн, витамин керек. Мага 5 жылдан бери бекер жардам берген фонд менен 8 күнгө кеттик. Каршы болду. Талак берди», — дейт ал.