Кордай аркылуу ар бир оор жүк ташуучу унаа контрабандалык товарды алып өтөрү айтылды

Дээрлик бардык оор жүк ташуучу унаалар Кордай аркылуу уруксаты жок контрабандалык товарларды өткөрөт. Бул тууралуу Казакстандын каржы министрлигинин Мамлекеттик киреше комитетине таянып басылмалар жазып чыгышты.

Казакстан тарап өз аймагында салык текшерүү кандай жүргүзүлөрүн ачык көрсөтүп берген. Ага ылайык, дээрлик ар бир оор жүк ташуучу унаадан документи жок товарлар аныкталган. Бул тууралуу казак-кыргыз чек арасына барган Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамыткановдун иш-сапарында маалым болгон.

Маалыматка ылайык, бир оор жүк ташуучу унаа Казакстандын аймагында 20 мүнөт текшерүүдө турат деп жазылат маалыматта.