Коргоо министри: «Третей соту болмоюн Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тынчтык болбойт»

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тынчтык болбойт. Бул тууралуу Коргоо министри маалымат жыйында билдирди.

«Тилекке каршы, бул менен согуш аяктабайт. Мен жакында ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугуштум. Мен ага Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тынчтык болбойт деп айттым. Эмнеге? Анткени кыргыздын өз чындыгы бар, тажиктин да өз чындыгы бар», — деди ал.

Бекболотов белгилегендей, ортодо Третей соту, ЖККУ болмоюн мындай абал улана берет. Анда ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө жана мамлекеттик чек арадан оор куралдуу техниканы алып кетүү боюнча иш жүрсө гана делимитация маселесин чечүүгө болот. «Бул 30 жылдан бери эмес, 98 жылдан бери уланууда»,- деди ал.