Коргоо министрлиги: «Кыргыз аскер кызматкерлери Алматыда ТЭЦти кайтарууда»

«Кыргыз аскер кызматкерлери Алматы шаарында 2-ТЭЦти кайтарууда». Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Казакстанга барган Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти миссиясын аткарууда. Алар шаардын маанилүү стратегиялык объектиси болгон 2-ТЭЦти кайтарууда.

Кыргыз аскерлери 7-январда Казакстанга жөнөп кетишкен. Алардын курамы 150 аскер кызматкеринен турат.