Бишкектеги коомдук транспорттордогу салондордо санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү троллейбус башкармалыгынын башчысы Талант Капаровдун катышуусунда өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, санитардык текшерүүлөр, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен түшүндүрүү иштери эл көп топтолгон аялдамаларда жүргүзүлгөн.
«124 троллейбусту текшерип чыктык. Негизинен жүргүнчүлөр бет кап режимин сакташкан жок. Бул рейддер жумасына эки жолу болуп турат»,- деп айтылат маалыматта.