Коронавирус. Бишкектеги кайсы ооруканаларда бош орун бар?

Бүгүн, 31-июлда саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, Бишкектеги стационарлардагы бош орундар:

— Курортология институтунда 235 орун;

— Д.Асанов атындагы аскер лицейинде 151 орун;

— Улуттук госпиталь: Нейрокорпуста 70 орун;

— №1 шаардык клиникалык ооруканада 51 орун;

— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 47 орун;

— Улуттук госпиталь: Ата Мекендик согуштун майыптарын дарылаган корпуста 45 орун;

— Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 44 орун;

— Улуттук онкология жана гематология борборунда 40 орун;

-Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында 40 орун;

— Республикалык наркология борборунда 30 орун;

— Чүй облустук бириктирилген ооруканасында 25 орун;

— №2 клиникалык төрөт үйүндө 24 орун;

— Улуттук госпиталдын урология корпусунда 15 орун;

— Улуттук кардиология жана терапия борборунда 13 орун;

— Аскер госпиталында 13 орун;

— Улуттук хирургия борборунда 13 орун бар;

— Улуттук фтизиатрия борборунда 7 орун;

— Фтизиатрия борборунда (КММА, №6 жатакана) 4 орун бар.