Коронавирус. Бишкектеги ооруканаларда канча бош орун бар?

Республикалык ыкчам штаб бүгүн, 18-сентябрда саат 12:00гө карата Бишкек шаарындагы ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.

Бош орундардын саны:

— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 267 орун;

— Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында 78 орун;

— №6 шаардык клиникалык ооруканада 68 орун;

— Улуттук хирургия борборунда 6 орун бар.