Республикалык ыкчам штаб бүгүн, 14-августта саат 12:00гө карата Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын саны тууралуу маалымат берди.
Бош орундардын саны:
— Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында 89 орун;
— Республикалык наркология борборунда 85 орун;
— Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын дарылаган корпусунда 65 орун;
— №2 клиникалык төрөт үйүндө 57 орун;
— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 57 орун;
— Улуттук госпиталдын урология корпусунда 50 орун;
— Чүй облустук бириктирилген ооруканада 41 орун;
— Аскер госпиталында 40 орун;
— КММАнын фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 38 орун;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 33 орун;
— Улуттук онкология жана гематология борборунда 30 орун;
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда 20 орун;
— Улуттук хирургия борборунда 6 орун бар.