Коронавирус. Ошто 1-июлга чейин бардык массалык иш-чаралар токтотулду

Ошто 1-июлга чейин бардык массалык иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мындан тышкары, бир нече чектөөлөр киргизилген.

Коомдук транспорттор боюнча төмөнкү эрежелер киргизилди:

Ошондой эле коомдук жайлар жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда түшүндүрүү иштери күчөтүлүшү керектиги айтылган. Учурдагы кырдаалга байланыштуу кошумча үч мобилдик топ кызмат кылат. Базарлар жумасына бир жолу жабылып, тийиштүү кызматтар тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрмөкчү.

Тойканалардын, ресторан-кафелердин сыйымдуулугу 50 пайыздан ашпашы керек. Той-мааракелер кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин токтотулушу мүмкүн. Кырдаал курчуса кошумча күнү-түнү иштеген стационарлар ачылат, бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат. Учурда №52 жана №18 мектептерде күндүзгү стационар ачылган.

Медицина кызматкерлери үчүн «Умму Мухаммед» медресесинде жана Оштогу Ислам колледжинде обсервация даярдалган.