Коронавируска каршы вакцинанын качан келе тургандыгы азырынча белгисиз

Коронавируска каршы вакцинанын качан келери тууралуу так дата бериле элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозадан турган экинчи партиясын алып келүү Кыргызстанга жүктөлгөн. Азыркы учурда вакцинаны алып келүү үчүн каржы жагынан жардам изделип жатат. ЮНИСЕФ жардам берүү тууралуу айткан бирок азырынча расмий түрдө билдире элек. Кытай тарап вакцина июль айында даяр болуп калышы мүмкүн деп билдирген. Азырынча вакциналар даярдалып жатат.

Бишкекте биринчи дозасы менен эмдөө болжол менен бир жума мурун аяктаган. Учурда экинчи доза берилүүдө. Ал эми кампада вакцинанын көлөмү бир канча азайып, кайра биринчи дозаны албай калгандарды эмдөөдөн өткөрүү июль айына пландалууда.