Коронавирустан бир жума ичинде 30 адам көз жумду

Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин коронавирустан 30 киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, бул 24-30-августка караганда беш учурга аз. Өлүмдүн көбү Бишкекте (16) жана Чүй облусунда (9) катталган. Нарын облусунда эки, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден өлүм катталды.

Өткөн жумада Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир дагы өлүм катталган эмес.