Коронавирустан каза болгон ак халатчандын үй-бүлөсүнө бериле турган компенсация дээрлик 3 эсеге көбөйдү

Коронавирусту жуктуруп алган жана аталган илдеттен каза болгон медициналык кызматкерлерге төлөнө турган компенсациянын көлөмү өзгөрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин юристи “Акипресске” билдиргендей, компенсациянын төлөмү боюнча жаңы тартип кабыл алынган.

Мындан ары кызыл зонада иштеп жатып, коронавирусту жуктуруп алган медициналык кызматкер 75 миң сом, ал эми аталган илдеттен каза болгон ак халатчандын үй-бүлөсү 2 миллион 800 миң сом алат. Буга чейин апрель айында өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, вируска чалдыккан медициналык кызматкер 200 миң сом, оорудан улам көз жумган ак халатчандын жакындары 1 миллион сом компенсация алчу.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, өзгөртүлгөн компенсация 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүндө болот. Бүгүнкү күнгө дейре 1137 медициналык кызматкер 200 миң сомдон, дагы 250сү ушул эле көлөмдөгү компенсацияны жакын арада алышат. Ал эми илдеттен кайтыш болгон 32 ак халатчандын үй-бүлөсү 1 миллион сомдон компенсация алышкан. Мындан тышкары 1200 акт кайтарылып берилген, алар каралбайт жана компенсация төлөнбөйт.