Коронавирустан каза тапкан врачтын үй-бүлөсү компенсация ала албай жатат

Коронавирустан улам бир катар медицина кызматкерлери каза болгон учурда мамлекет алардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөнөрүн билдирген эле. Бирок бул маселеде дале болсо кемчиликтер болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматын мурда жетектеген Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына кейиштүү окуяны бөлүштү.

“Жакынкы күндөрү Баткенден келген бир таанышыма Бишкектен жолугуп калдым. Ал борборго чындык издеп, 30-июнда коронавирустан көз жумган маркум эжесинин үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн келгенин айтат. Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекова коронавирустан каза болгон дарыгерлердин тизмесинде алгачкылардан болуп катталган. Бирок азыр жыл аяктап баратат, бардык керектүү документтер берилгенине карабастан, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда өлүм болгонуна карабастан, маркумдун үй-бүлөсү эч кандай компенсация ала элек”, — деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми мунун себеби катары комиссия маркум врачтын акыркы иштеген жери Ички иштер министрлигинин Медициналык кызматы болгонун, бул бөлүм Саламаттыкты сактоо министрлигине кирбей турганын, компенсация төлөө үчүн мыйзамдык жана башка ченемдик негиздер жок деп айтышкан.