Космонавт Сергей Корсаков Бишкектеги мектебине барат

Космонавтика күнүнө жана Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаада 12-апрелден 13-апрелге чейин космонавт Сергей Корсаковдун катышуусунда бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

12-апрель, шаршемби

— Саат 09:00дө №25 мектептин жанындагы Юрий Гагариндин бюстуна жана БГУнун имаратындагы мемориалдык тактага гүл коюу иш-чарасы;

— Саат 14:30да №24 мектептин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуу;

— Саат 15:30да жолугушуу борбордун мектеп окуучуларынын арасында откон дил баяндар конкурсунун жеңүүчүлөрү менен Корсаковдун жолугушуусу;

— Саат 18:00дө Орусиянын Борбордук аскер округунун ансамблинин концерти.

13-апрель, бейшемби

— Саат 09:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги жана алдыңкы окумуштуулар менен жолугушуу;

— Саат 17:00дө «Жылдыздарга жол Бишкектен башталат» Улуттук тарых музейинде Сергей Корсаков менен ачык жолугушуу;

— Саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Биринчилердин мезгили» тасмасы көрсөтүлөт.

Сергей Корсаков 1984-жылы 1-сентябрда Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган. СССРдин/Орусиянын 127-космонавты СССРдин/Орусиянын космосто 129-жараны. 2022-жылдын 18-мартында Байконур космодромунан №1 кеменин бортинженери катары «Союз МС-21» транспорттук башкарылган космостук кемеси менен Эл аралык космос станциясына учурулган. Жерге 2022-жылдын 29-сентябрында кайтып келген. Учуунун узактыгы 194 күндөн ашык болгон.