Роза гүлдесте менен… «Краш» атыгып кеткен чек ара кызматкеринин кезектеги сүрөттөрү

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тараган. Видео элге кеңири жайылып, андагы жигит көпчүлүк кыздарды суктандырып, “краш” атыккан эле. Ал — лейтенант Эламан Жунушалиев.

Жунушалиев социалдык тармактагы баракчасында кезектеги сүрөттөрү жана видеосу менен бөлүштү. Ал буга чейин да көпчүлүктү суктанткан сүрөттөрү менен бөлүшүп турчу.