Кремль Кыргызстандагы бийликти басып алуу аракети тууралуу маалыматка үн катты

Кремль Кыргызстандагы бийликти басып алуу аракети тууралуу маалыматка үн катты. Бул тууралуу «Спутник» жазды.

«Кыргызстандагы төңкөрүш жасоо аракети тууралуу кабарлар, албетте, тынчсыздандырат. Андыктан биз жаңылыктарды тыкыр карап турабыз. Бизде мындан башка толук маалымат жок», — деди Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Буга чейин соцтармактарда Кыргызстандын атайын кызматы мамлекеттик төңкөрүш аракетине шектелген бир катар адамдарды кармап жатканы айтылган.