Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 48 саатка УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Кечээ, 22-октябрда ал Бишкек шаарындагы спорт клубдарынын биринен кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилген эле. “Мыйзамдагы ууру” делген Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топту түзгөнү үчүн колго түшүрүлгөн.

Мындан 9 жыл мурда АКШ Көлбаевди дүйнөдөгү эң кооптуу наркобарондордун тизмесине кошкон. Кечээ Кыргыз өлкөсүндөгү АКШнын элчилиги маалымат таратып, Камчы Көлбаевдин финансылык механизмдери тууралуу маалымат бергендерге 1 миллион долларлык сый акы сунуштады.

УКМКга төрага болуп дайындалган Камчыбек Ташиев “Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат” деген эле. Ташиевдин криминалдык топторго кайрылып жатып “Урматтуу бандиттер, колго түшүп бергиле!” деп сый иретинде кайрылганы да коомчулукта талкууга түшкөн.

Камчы Көлбаев 2012-жылы Дубайдан Бишкекке учуп келери менен аэропорттон кармалган. Кийин 3 жылга соттолуп, 2014-жылы бошонгон. Акыркы убакта кримтөбөл атыккан адамдын ысымы саясий чөйрөдө көп айтылып, атүгүл мамлекеттин биринчи адамдары менен жолугушууда деген кептер тараган болчу.