«Кудай мага перзент берген жок» дейт желим бөтөлкө саткан 94 жаштагы карыя

25-июлда интернетте 94 жаштагы карыянын желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, сатып, жан багары айтылган видео тараган эле. Биз дал ошол карыянын үйүнө барып, акыбалын билип кайттык. Бул видеодо аксакалдын жашоо шарты, басып өткөн жолу тууралуу биле аласыздар.

Жардам берүүнү каалагандар Ала-Тоо-2 конушу, Камыр-Ата көчөсү, 30 дареги аркылуу кайрылса болот.

«Мен өмүрүмдө дарыгерге барган эмесмин. Кудай мага перзент берген жок. 9 бала бактым. Бул акыркы балам. Балдардын баары чоңоюп кетти. Кыргызстанда 2 кызым жана жанымдагы балам бар. Кыздарым турмушка чыккан соң, чийден тышкары болуп калды»,— деди карыя.