Кудайберди Кожобеков кайра ОшМУнун ректору болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемеси менен кызматтан алынган Кудайберди Кожобеков кайра ОшМУнун ректору болуп дайындалды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен тастыкташты.

Ош шаарында 4-ноябрда «Азаттык» партиясы үгүт иштерин жүргүзүп, аянтка жарандарды чогулткан. Иш-чарага студенттер да барган. Бул коомчулук тарабынан сынга алынып, административдик ресурс колдонуу катары сыпатталган. Окуя боюнча Ош ШИИБ комментарий берип, студенттерди окутуучулар экскурсияга барабыз деп алдап, үгүт иштерине алып барганын маалымдаган. 9-ноябрда окуя боюнча Министрлер кабинети маалымат таратып, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынганын билдирген.