Мурунку жубайынын кулагын жана мурдун кескилеген деп шектелип жаткан жарандын жакындары жана өкүлдөрү жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү менен байланышкан эмес. Бул тууралуу адвокат Индира Саутова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, экинчи тарап тергөөнүн жүрүшүнө кысым көрсөтпөй эле. «27-сентябрда Чүй облустук сотунда зордуктоо боюнча өкүм чыгарылганда да айыпталуучулардын жакындарынан эч кимиси катышкан жок. Эч кандай жардам, өкүнүү, кечирим суроо да болгон жок”, — дейт Индира Саутова.