«Кулиев деген кишиге «жалко». Депутат адам аттарын көчө, шаар, айылдарга ыйгарууга мораторий киргизүүнү сунуштады

«Адам аттарын көчө, шаар, айылдарга ыйгарууга мораторий киргизебизби? Ушул жагын карап көрөлүчү» деди депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

«17 айылдын атын өзгөртүп жатабыз. Анын 13ү адамдын аты болуп жатат. Келечекте ушундан кайтышыбыз керек. Бишкек шаарында Кулиев деген көчө бар. Байкуш ошол кишиге «жалко» да аябай. Качан көрсөң сойкулар кармалды, бычакташты. Кайсын Кулиев деген өзү акын, прозаик, журналист, аскердик кабарчы болгон да»,- деди депутат.