«Кумтөр» алтындын келечегин билбейт». Теңгиз Бөлтүрүк 19 тонна алтын боюнча үн катты

Соттук отурумга жеткирилген «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 19 тонна алтын боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди.

«Биз «Кумтөрдөн» «Кыргыз алтынга» Доре куймаларын сатабыз. Бирок таза эмес, анын 60 пайыздан 90 пайызга чейини алтын болот. «Кыргыз алтын» аффинаждалган алтын жасайт. Андан ары алтынды «Кыргыз алтын» сатат. Анан алтын өткөндө биз менен эсептешет. «Кумтөр» «Кыргыз алтынга» өткөн алтындын келечегин билбейт. Башынан эле ошондой болчу. Алтын андан ары не болгонун документтерди көтөрүп, карагыла. «Кумтөрдүн» буга эч кандай тиешеси жок», — деди ал.