Кечээ, 3-январда канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясы расмий маалымат жарыялап, анда Кумтөр кенинин талашын чечүү боюнча Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастады. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барып, эки тарап тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканын билдирген эле.
«Centerra Gold Inc.» өз кезегинде төмөндөгү шарттар аткарылат деп күтүп жатканын билдирди:
- «Centerra Gold Inc.» компаниясынын «Кыргыз алтын» ААКсына тиешелүү болгон канадалык компаниядагы 26,1 пайыздан турган акцияга ээлик кылуусу;
- Кыргызстан аталган өлкөдөгү канадалык компаниянын эки ишканасы жана Кумтөр кени үчүн бардык жоопкерчиликти өзүнө алышын;
- 2021-жылы «Кыргыз алтын» ААКсы албай калган үч дивиденддин суммасына тең акчаны төлөп берүү жана башка каржылык маселелердин ордун толтуруу;
- «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин курамынан «Кыргыз алтын» ААКсынын эки талапкеринин чыгышын;
- тараптардын бардык доо арыздарын толугу менен алуу жана бардык соттук териштирүүлөрдү токтотуу.
«Centerra Gold Inc.» компаниясынан сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин жана жогорудагы шарттар кабыл алынарына эч кандай кепилдик жоктугун кошумчалаган.