«Куран китеп бир үй-бүлөнү сактап калган». Түркиядагы зилзаланы кыргыз куткаруучулар эскеришти (видео)

2023-жылдын февраль айында түрк туугандарга кол сунуп, зилзаланын очогуна кыргызстандык 180 куткаруучу барган.

Жарым ай ичинде урандылардын астынан 198 адамдын сөөгүн чыгарып, 8 адамдын өмүрүн сактап калышкан. Жер титиреген аймакта убактылуу баш калкалоо үчүн 127 кыргыз боз үйү тигилген. Ага кошуп Кыргызстан Түркияга мобилдүү госпиталын жайып, дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Кырсыктан туура 1 жыл өттү. Ал жерге барып, адамдарды урандынын алдынан издеген куткаруучулар эсте калган окуя тууралуу айтып беришти.

«Бала тосуп алды. «Бул жерде менин атам менен апам калды. Апамдын жоолугу жашыл болчу» деди. Тартсак эле жашыл жоолук чыкты. Анан эле чачы чыкты. Баласын чакырып, жоолукту көрсөттүк. Катуу апалап ыйлап сыздады», — деди куткаруучулардын бири.

«22 жаштагы кош бойлуу келин болчу экен. 6 айлык боюнда бар экен. Курсактагы баласы да, өзүн да аман таптык. Иштеп жатканда көп нерсени көрдүк. Дене мүчөлөрү бөлүк абалдагыларды да көрдүк. Аларды жакындарына берүү өтө оор болду», — деди дагы бир куткаруучу.

«Мен эксковатордо отуруп Куран китеп түшүп кеткенин көрдүм. Айдоочуга айттык, ал токтоду. Мен Куран китепти алайын деп басып бара жатканда үн уктук. Жакындап бара жатканда адамдын үнүн уктум. Кишини таптык. Анан келинчегин алып чыктык. Фонарик менен 2 уулу, 1 кызын алып чыктык. Ошол окуя менин көз алдымда», — деди куткаруучу.