Бакиевдердин үйүнүн ордуна салынган реабилитациялоо борборунун курулушу аяктаганы калды

Мындан 4 ай мурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан мамлекеттин менчигине өткөн үйүнүн имаратында 24 саат бою балдарды реабилитациялоо борбору иштери айтылып, бузуу иштери жүрүп баштаган. Бүгүн, 6-декабрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бузулган имараттын ордуна салынган реабилитациялык борбордун сүрөтү менен бөлүштү.

«Мурдагы президент Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса, имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет. Президентибиз Садыр Нургожоевич жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон, өз убагында аткардык», — деп жазды ал.