Курсан Асановдун сүйлөшүүсү делген видеодо аты аталган депутат Жанар Акаев үн катты (видео)

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланды. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. Бул боюнча депутат Жанар Акаев үн катты.

«2 күндөн бери интернетте саясий күчтөр бийликти күч менен басып алууга камынууда деген жалган, далили жок, троллдордун фабрикасы даярдаган, видео, аудио тарап, анын ичинде менин дагы атым аталыптыр. Ошол боюнча түшүндүрмө берейин. Курсан Асанов менен бейтааныш бирөө көчөдөбү же кафедеби иши кылып сүйлөшүп, анын ичине Жанар деген сөздү алып келип чаптап, элди ишендирип, тополоң уюштурууга аракет кылып жатат деген калп маалыматты таратканы өкүндүрөт. Анткени калп айтылып, мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, нормага айланып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш. Экинчиден, күлкүүлүү. Анткени көчөдө саясатчылар сүйлөшүп, анан ошонун аркасы менен айып тагабыз деген аракетке жанагы сапатсыз видеону кошконуна 1-класстын окуучусу да ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин», — деди ал.

Ал мындан тышкары Курсан Асанов менен акыркы жолу февраль айында куран окутууда жолукканын айтты.