Курулуш объектисиндеги кемчиликтер үчүн 2 инспектор иштен алынды

19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Жыйын 17-18-январь күндөрү уюштурулган рейддик иш-чаралардын жыйынтыгына байланыштуу өттү.

Эки күндүк рейддин жүрүшүндө инспекторлордун буга чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин эки инспектору ээлеген кызматынан бошотулду.

Министр тиешелүү жетекчилерге курулуш объектилериндеги көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, мыйзам бузууларга жол бербөөнү жана жоопкерчиликти күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле курулуш иштеринин мыйзамдуулугуна, укуктук жана уруксат берүүчү документтердин так сакталышына, долбоордук талаптардын, курулуш нормалары менен эрежелеринин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, 17-18-январь күндөрү министр борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшерип, өлкө аймагындагы бардык инспекторлорго курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берген. Анын негизинде ишемби жана жекшемби күндөрү да көзөмөлдөө иштери улантылат.