«Кутурма болушу мүмкүн». Баткен облусунда мектеп окуучусу каза болду

Баткен облусунда мектеп окуучусу ооруканада каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, бала ооруканага кутурма оорусунун белгилери менен түшкөн. «Буга байланыштуу кутурма оорусунун клиникалык диагнозу коюлган. Бирок лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн болгон жок, анткени бейтаптын жакындары өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан», — дешти.