«Күбөнү табышкан экен. Мен эч нерсе көргөн эмесмин да». Депутат Дастан Бекешев ИИМде сурак берип чыкты

Депутат Дастан Бекешев 9-октябрдагы башаламандык боюнча ИИМге суракка чакырылганын билдирген эле.

Анын айтымында, укук коргоо органдары эки – 5-6-октябрдагы жана 9-октябрдагы баш аламандыктар боюнча кылмыш ишин карап жатышат.

«Бүгүн 9-октябрдагы окуялар боюнча суракка бардым. 5-6-октябрь күндөрдөгү окуялар боюнча да чакырабыз дешти. Ачыгын айтканда, мендей күбө таап алышканына жылмайдым. Мен эч нерсе көргөн эмесмин да. Керек болсо, күлүп да жибердим», — деди эл өкүлү.

Анын айтымында, ошол күнү аянтка барган бир катар саясатчылар суракка чакырылат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 5-6-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга багытталган митингдер болгон. Андан кийин башаламандык башталган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, жокко чыгарууга аргасыз болгон. Камакка алынган бир катар саясатчылар абактан бошотулган.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары, Өмүрбек Бабанов жана башкалар кезектеги митингди жарыялашкан. Аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтары менен өлкөнүн экс-президентинин тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан.

Кийинчерээк УКМК менен Ички иштер министрлиги алардын көпчүлүгүн, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди, активист Темирлан Султанбековду, Фарид Ниязовду, Канат Сагымбаевди, Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду кармашкан. Айрымдары ушул күнгө чейин камакта. Айрымдары үй камагында.