Күйдүргүгө байланыштуу Аксы районундагы айылга карантиндик чектөө киргизилди

Кара-Суу айыл аймагынын Жүзүмжан айылына кечээ, 14-сентябрдан баштап бир айлык мөөнөткө карантиндик чектөө киргизилди. Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Аксы райондук башкармалыгынын жана райондук эпидемияга жана эпизоотияга чукул чара көрүү комиссиясы чыгарган. Чектөө коюлган аймакта малды жана алардан алынган азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга, башка жактан алып кирүүгө тыюу салынат. Ылаңдаган малдын сүтүн пайдаланууга, союуга жана өлгөн малдын терисин сыйрууга, өз алдынча жок кылууга жол берилбейт. Күйдүргү очогу делген жер бетондолуп корголонуп, белги коюу, малды ветеринардык кароодон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Мындан 5 күн мурда Аксыда 7 адам күйдүргүгө кабылган деген шек менен ооруканага түшкөнү маалым болгон. Маалыматтарга караганда, алар союлган малдын ичеги-карындарын тазалашкан. Кийинчерээк алар менен байланышта болгондордун саны 41 адамга жеткени маалым болгон.