Кыйноолорду алдын алуу борбору: «Камакка алынган Алмаз Сарыбаевдин ачкачылык жарыялаганына 5 күн болду»

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери 20-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Аталган убактылуу кармоочу жайга «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган Алмаз Сарыбаев камакка алынган. Кызматкерлер ал менен да жолугуп, сүйлөшүштү. Баарлашууда ал 15-сентябрдан бери кылмыш ишинин мыйзамсыз козголушуна каршы ачкачылык жарыялаганын айткан. Ал эми убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине 17-сентябрда кабарлаган. «Сарыбаевдин жалпы абалы канааттандырарлык. Анын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн эки жолу Тез жардам чакырылган», — деп белгилешти улуттук борбордон.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты.