Кыйноолорду алдын алуу борбору: «Орозайым Нарматова Бишкек ШИИБдин кызматкерлеринин адамгерчиликсиз мамиле кылганын айтты»

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери СИЗО-1ге профилактикалык иш сапары менен барып, Орозайым Нарматова жана Илгиз Шаменов менен жолугушуп, баарлашты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. 

Улуттук борбордун кызматкерлери Орозайым Нарматовадан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери ага карата адамгерчиликсиз мамиле жасап жаткандыгы тууралуу арызын алышты. Анда Орозайым Нарматовадан Москвадан Бишкекке келгенден кийин дароо кармалып, жактоочунун катышуусуз суракка алынганын билдирген. «4-5 сааттык сурак учурунда мага тамактанууга, дааратканага барууга жана адвокат чакырууга мүмкүнчүлүк болгон жок», — деди ал.

Илгиз Шаменовдон кыйноо же катаал мамиле боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес. Орозайым Нарматованын арызы бардык жагдайларды тактоо жана күнөөлүүлөргө чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлөт.