«Сезим» кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган келиндин окуясы менен бөлүштү. Март айынын аяк ченинде Жалал-Абад облусуна караштуу айылдардын биринен 5 балалуу аял жашаган үйүнөн балдары менен качып чыгып, жер оодарып кеткенге аргасыз болгон.
Бирин көтөрүп, бирин жетелеп, улам унаа которуп, ачка-ток болуп, кредитке алган акчасын жол киреге жумшап, кулак укпас, көз көрбөс жерге бет алганга алыстан келген душман эмес, тогуз жыл бирге жашаган күйөөсү мажбур кылган.
“Башынан эле ырдуу күйөө-чырдуу кыз болуп жашадык. Көзүмөн көк ала, төбөмөн шишик кеткен жок. Операция болуп ооруп жатканымда да мас болуп келип ооруканада чаң салды. Ичип алса, мени түгүл чоң апасын да сабайт. Апамдыкына качып барсам ал жакка да барып ызы-чуу кылат, туугандарымды тажатып бүттүк. Милиция чакырсак “беш балаңар бар экен, ажырашмак белеңер, тынч жашагыла” демиш болуп, эки сааттан кийин кайра чыгарат. Коргоочу ордер дегенди ушул жакка келгенде биринчи жолу уктум. Эч ким, эч нерсе дей албасына көзү жеткенден кийин уруп-сабаганы андан бетер күчөдү. “Апа, бир күнү мени талуу жерге чаап, өлтүрүп койсо деле эч ким эч нерсе болбойт турбайбы” деп апама ыйладым. Апам да туура көрдү. Ошентип мас болуп уктап жатканында балдарды алып, байкатпай качып чыктык. Баш калкалаар жери жок, иштей турган иши жок, беш чиедей баласы менен убактылуу жайда баш калкалап турган келиндин тагдырына жергиликтүу укук коргоо органдары кайдыгер карабай, зөөкүргө учурунда тиешелүү чараларды көрүшсө, абал мынчалыкка чейин жетмек эмес, балдардын мектептеги окуусу үзгүлтүккө учурап, алты бирдей адам минтип талааламак эмес. Тилекке каршы жергиликтүу укук коргоо органдары тарабынан дагы эле үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы укуктук мыйзамдуу чаралар өз деңгээлинде көрүлбөй жатат. Бул сыяктуу кылмыштардын жазасыз калышы аялдарга жана үй-бүлөгө карата зомбулуктун деңгээлин жогорулатууга, айрым учурда трагедия менен аякташына жол ачып жатат», — дешти.