Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи менен биргеликте Улуттук тарых музейиндеги кыргыз элинин тарыхый жана маданий эстеликтери менен таанышты.
Түрк дүйнөсү фондунун (Түркия) колдоосу менен Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Мадания министрлиги тарабынан сыйлуу коноктор үчүн көргөзмө даярдалды. Ал түрк тилинин биринчи сөздүгүнүн — “Дивани Лугат ат-Түрк” китебинин жазылышынын 950 жылдыгына карата Махмуд Барсканинин мекени болгон Кыргызстанда өтүүдө. Мындан тышкары, Кыргызстандын, Түркиянын президенттеринин жана Венгриянын премьер-министринин жубайлары Улуттук тарых музейиндеги көргөзмөгө коюлган “Матьо” сайма маданиятынын теңдешсиз байлыгы аркылуу Венгриянын элдик искусствосу менен таанышты. Андан соң маданий программа Кыргыз мамлекеттик “Ала-Арча” жаратылыш паркында уланды.
Кечээ, 3-декабрда иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасында 16-сентябрда жаш саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова "Сереп Медиа"...
4-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот....
“Мекенчил” партиясынын тең төрайымы болуп турган, 2016-жылдан 2018-жылга чейин аталган партиянын жана Садыр Жапаровдун республикалык штабын жетектеген Назгүл Эшеналиева жаш саясатчы,...
Бишкек шаарында борбордук "Ала-Тоо" аянтын жана өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. «Бишкек жарык»...
Бүгүн, 3-декабрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Букуев Нурбек Медетбековичти тааныштырды....