«Күйөөм мени «чаарала» деп кемсинтет, документтеримди да жоготуп алдым» деген SUPERTV’нын каарманына жаңы паспорт берилет

SUPERTV каналы күн мурун “Тагдыр” рубрикасынын алкагында ала оорусу менен жабыркап, жакында көз жаруунун алдында турган Назгүл Акматова аттуу келиндин тагдырын чагылдырган.

Каарманыбыз паспортун жоготуп койгондугун, жакында төрөт алдында турганын, паспортунун жоктугунан улам төрөт үйүнө кабыл албай коюшу мүмкүн деп чочулап жатканын айткан. SUPERTV келинге көрсөтүлгөн жардам тууралуу дагы бир чыгарылыш даярдады. Калкты тейлөө борборунун адистери Назгүл Акматовага тиешелүү маалыматтардын базада бар экендигин, анын негизинде документтерин акысыз калыбына келтирип берүүнү убадалашты.

Назгүл Акматованын маалыматтары бирдиктүү базадан табылды. Анын учурдагы абалын эске алуу менен документин акысыз негизде калыбына келтирип беребиз. 12 күндүн ичинде паспорт даяр болот”, — деди Калкты тейлөө борбордун адиси Канат Кадыров.

Каарманыбыздын тагдыры кандай өзгөргөнү тууралуу видеону SUPERTV YouTube каналынан көрө аласыздар.