«Күйөөң ооруп жатса, баланын эмне кереги бар, алдыртсаң болмок» дегенден кийин жолдошум экөөбүз ажыраштык» дейт келин

SUPERTV бул жолу 39 жаштагы жалгыз бой эненин тагдырын баяндайт. Каарманыбыз эки ирет турмушка чыгып, эки жолу тең жолу болгон эмес. Ал учурда мурда дүкөн катары пайдаланылган жайды үй кылып, 5 баласы менен күн кечирип жатат. Келиндин Бишкекке көчүп келгенине 3 айдын жүзү болду. Бирок мектеп курагындагы балдары али мектепке барыша элек. Мунун бир себеби балдарынын документи болсо, экинчиси акча маселеси. Жалгыз бой эненин балдарынын мектепке кийип барганга бут кийими да жок.

Ал биринчи жолдошу менен эмне үчүн эки ажырым жолго түшкөнүн төмөнкүчө айтып берди. «Биринчи жолдошумдан эки кызым бар. Улуу кызым 2,5 жашында ажырашып кеткем. Кичинекейим 3 айлык болчу. Жолдошум ооруп калып, кайын журт менен пикир келишпестик болду. «Күйөөң ооруп жатса, эмнеге экинчиңди төрөйсүң, күйөөңдү кара, бала керек эмес, алдыртсаң болмок» дешти. Ошол себептен эле эки жолго түштүк. Ал жолдошум менен жаман-жакшы айтышкан жокмун. Ал үйлөндү, 4 баласы бар», — дейт ал.