Күйөөсү тарабынан бычакталган келин: «Үйүмдүн дарегин билбей, жумушума келип бычактап кетти»

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тынчсыздануу менен укук коргоо органдарынын жетекчилерин аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө чакырды.

Акыйкатчы Нарын шаарында күйөөсү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген келиндин окуясын жеке көзөмөлүнө алды. Буга чейин социалдык тармактарда Нарын шаарындагы соода борборунун биринде жайгашкан ашканадан 42 жаштагы эркек киши 41 жаштагы аялынын моюнуна бир нече жолу бычак сайып жиберген видео тараган.

Акыйкатчы Институтунун Нарын облусундагы өкүлү жолдошу тарабынан бычакталып, оор абалда облустук ооруканада жаткан келинден кабар алды.

“Мени абдан өкүндүргөнү кыз-келиндерибизге карата зордук-зомбулук күчөп жатканы. Бул окуяны мен абдан тынчсыздануу менен кабыл алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырат элем. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек”, — деди Акыйкатчы.

Маалым болгондой, келиндин моюнуна жана денесинин ар кайсы жерлерине бир нече жолу бычак сайылган. Жабырлануучунун айтымында, жолдошу ага буга чейин да зомбулук көрсөтүп келген. Ошондуктан келин ушул жылдын июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткен.

Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар. Балдары учурда, жабырлануучунун инисинин кароосунда.

“Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем”, — деди жабырлануучу.