«Күлдүрөм деп бирөөнү мазактабаш керек, болбосо таяк жешиң мүмкүн» дейт айдоочу Тикток жылдызы

Акжол Юлдашев аттуу айдоочу Бишкекте автобус айдайт. Жүргүнчүлөр арасында ал «айдоочу Тиктокчу» атка конгон. Жумушу менен хоббисин айкалыштырган шайыр айдоочу менен маек төмөндө.

«Бирөөнүн маанайын көтөрсөң, аны көрүп өзүңдүн маанайың көтөрүлөт. Көп адамдар энергияны каяктан аласың дешет. Мага энергия анча-мынча спорт менен машыкканда, бирөөнүн маанайын көтөргөндө келет. Автобуста кызыктуу окуялар аябай көп болот. Тамашакөй кишилер өтө көп түшөт. Баары жөнөкөй кишилер да. Мен автобус айдаганга чейин эле ТикТок тартчумун. Анан ойлондум эмнеге автобус эле айдап жүрө берем, экөөнү айкалыштырып тарта берейин деп. Негизгиси адамды күлдүрөм деп бирөөнү шылдыңдабаш керек. Болбосо таяк жешиң мүмкүн»,- дейт ал.