Кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаевдин ооруканада жатканы маалым болду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев микроинсульт алып, ооруканада. Бул тууралуу маалыматты “МедиаХаб” жазды.

Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш ишин козгоду. Маалыматта айтылгандай, министр 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга негизсиз иш сапарга жөнөтүп, мамлекетке олуттуу чыгым келтирген. Ошондой эле «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин оңдоодо кайсы бир компанияны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан.

Ал арада социалдык тармактарда анын бүгүнкү жана 11-сентябрда тартылган сүрөтү тарап жатат.