«Кылмыш жана жаза» романын дагы бир жолу окуп чыктым». Абылгазиев эркиндикке чыккан соң эмне менен алек болуп жатат?

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эркиндикке чыккан соң эмне менен алек болуп жатканын айтты.

«Үй-бүлөм, балдарым менен убакыт өткөрүп жатам. Көп окуп жатам»,- деди ал. Абылгазиев жазуучу Федор Достоевскийдин «Преступление и наказание» романын дагы бир жолу окуп чыкканын белгиледи.

Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган. Ал казынага келтирилген зыяндын бир бөлүгүн — 50 миллион сом төлөп СИЗОдон чыккан.